КАПЕТИНГДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПЕТИНГДЕР (лат. Capetingi, фр. Capetiens) – француз королдорунун династиясы (987–1328).
Династиянын негиздөөчүсү Гуго Капет болгон. Анын учурунда королдук бийлик шайлануу жо­лу м-н эмес, мурас түрүнө өткөн. 14-к-дын ба­шында К. Франциянын аймагын кеңейтип, бор­бордошкон мамлекет түзүүгө аракеттенген. Карл IV өлгөндөн кийин (уулдары болбогондуктан), француздук таажы Валуа династиясына өткөн.
К. династиясынын өкүлдөрү: Гуго Капет (987– 996), Роберт II (996–1031), Генрих I (1031–60), Филипп I (1060–1108), Людовик VI Толстый (1108–37), Людовик VII (1137–80), Филипп II Ав­густ (1180–1223), Людовик VIII (1223–1226), Ыйык Людовик IX (1226–70), Эр жүрөк Фи­липп III (1270–85), Филипп IV Сулуу (1285–1314), Людовик X (1314–16), Филипп V (1316–22), Карл IV (1322–28).