КАПЕТИНГДЕР
КАПЕТИНГДЕР (лат. Capetingi, фр. Capetiens) – француз королдорунун династиясы (987–1328). Династиянын негиздөөчүсү Гуго Капет болгон. Анын учурунда королдук бийлик шайлануу жолу м-н эмес, мурас түрүнө өткөн. 14-кылымдын башында капетингдер Франциянын аймагын кеңейтип, борбордошкон мамлекет түзүүгө аракеттенген. Карл IV өлгөндөн кийин (уулдары болбогондуктан), француздук таажы Валуа династиясына өткөн. Капетингдер династиясынын өкүлдөрү: Гуго Капет (987–996), Роберт II (996–1031), Генрих I (1031–60), Филипп I (1060–1108), Людовик VI Толстый (1108–37), Людовик VII (1137–80), Филипп II Август (1180–1223), Людовик VIII (1223–1226), Ыйык Людовик IX (1226–70), Эр жүрөк Филипп III (1270–85), Филипп IV Сулуу (1285–1314), Людовик X (1314–16), Филипп V (1316–22), Карл IV (1322–28).