КАОЛИНИТ
КАОЛИНИ́Т – алюмосиликаттар тобуна кирүүчү минерал. Хим. формуласы Al4[Si4O10](OH)8. Моноклин системасында кристаллданат. Өңү-түсү ак, түссүз. Кошунду элементтер кездешсе, сары күрөң, жашыл, кара түскө өтөт. Кристаллдары өтө майда, сейрек жолугат. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 1ге барабар. С. салм. 2,6. Кармаганда майланышкансып сезилет. Кургак кезинде нымды өзүнө тартып алат. Нымдашканы илешчээк, камырдай жуурулат. Талаа шпатынын талкаланышынан пайда болот. Чополордун курамына кирет. Курулуш ишинде, кагаз, карапа ө. ж-нда, электр-техникада, отко чыдамдуу материалдарды жасоодо, боёк даярдоодо, алюминий өндүрүп алууда колдонулат. Топурак кыртышын түзүүгө катышат.