КАОЛИНИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАОЛИНИ́Т – алюмосиликаттар тобуна кирүүчү минерал. Хим. формуласы Al4[Si4O10](OH)8. Мо­ноклин системасында кристаллданат. Өңү-түсү ак, түссүз. Кошунду элементтер кездешсе, сары күрөң, жашыл, кара түскө өтөт. Кристаллдары өтө майда, сейрек жолугат. Катуулугу Моос шка­ласы б-ча 1ге барабар. С. салм. 2,6. Кармаганда майланышкансып сезилет. Кургак кезинде ным­ды өзүнө тартып алат. Нымдашканы илеш­чээк, камырдай жуурулат. Талаа шпатынын тал­каланышынан пайда болот. Чополордун кура­мына кирет. Курулуш ишинде, кагаз, карапа ө. ж-нда, электр-техникада, отко чыдамдуу ма­териалдарды жасоодо, боёк даярдоодо, алюми­ний өндүрүп алууда колдонулат. Топурак кыр­тышын түзүүгө катышат.