КАНЫМЕТОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНЫМЕТОВ Жумакадыр (1. 8. 1958-ж. т., Ысык-Кѳл обл., Түп р-ну, Тасма айылы) - дирижёр, композитор, КРдин эл арт. (2008), КРдин мад-тына эмг. сиң. ишмер (1995). Б. Бейшена­лиева атн. КМИИни (1981), Н. Римский-Корсаков атн. Ленинград консерваториясынын дири­жёрдук ж-а композитордук ф-тин (1989) бүткѳн.

1989-жылдан Кыр­гыз телерадиокор­порациясынын акад. симф. ор­кестринде иште­ген, 1995-ж. КРдин Коргоо ми­нистрлигинин ыр­бий ансамблин уюштуруп жетек­теген. 2001-жыл­дан А. Малдыбаев атн. Кыргыз улут­тук опера ж-а балет театрында ди­рижёр-коюучу, 2008-жылдан баш-

"Ак-Мѳѳр" опера-дастанынан кѳрүнүш, 1993.

кы дирижёру. Анын дирижёрлугу астында те­атрда «Евгений Онегин», «Аида», «Риголетто», «Травиата», «Фауст», «Ак куу кѳлү», «Чолпон», «Айчүрѳк» ж. б. опера, балеттер коюлган. 30дай ыр-күүлѳрдүн автору. Симф. оркестрдин атка­руусунда 100дѳн ашуун кыргыз, орус, чет эл­дик композиторлордун чыгармаларын кыргыз радиосунун алтын казышасына жаздыгрган. К. «Ак Мѳѳр» опера-дастанынын музыкасын жазган, ал 1993-жылдан ѳзүнүн дирижёрлугу ас­тында театр сахнасына коюлууда. Театр труп­пасы м-н Россияда, Түркия, Кытай ж. б. ѳлкѳ- лѳрдѳ гастролдо болгон.