КАНЫМЕТОВ
КАНЫМЕТОВ Жумакадыр (1. 8. 1958-жылы туулган, Ысык-Кѳл облусу, Түп району, Тасма айылы) - дирижёр, композитор, Кыргыз Республикасынын эл артисти (2008), Кыргыз Республикасынын маданиятына эмг.ек сиңирген ишмер (1995). Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун (1981), Н. Римский-Корсаков атындагы Ленинград консерваториясынын дирижёрдук жана композитордук факультетин (1989) бүткѳн.


1989-жылдан Кыргыз телерадиокорпорациясынын академиялык симфониялык оркестринде иштеген, 1995-жылы Кыргыз Республикасынын коргоо министрлигинин ыр-бий ансамблин уюштуруп жетектеген. 2001-жылдан А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында дирижёр-коюучу, 2008-жылдан башкы дирижёру. Анын дирижёрлугу астында театрда «Евгений Онегин», «Аида», «Риголетто», «Травиата», «Фауст», «Ак куу кѳлү», «Чолпон», «Айчүрѳк» жана башка опера, балеттер коюлган. 30дай ыр-күүлѳрдүн автору. Симфониялык оркестрдин аткаруусунда 100дѳн ашуун кыргыз, орус, чет элдик композиторлордун чыгармаларын кыргыз радиосунун алтын казынасына жаздыгрган. Ж. Каныметов «Ак Мѳѳр» опера-дастанынын музыкасын жазган, ал 1993-жылдан ѳзүнүн дирижёрлугу астында театр сахнасына коюлууда. Театр труппасы менен Россияда, Түркия, Кытай жана башка ѳлкѳлѳрдѳ гастролдо болгон.