КАНЫККАН ЭРИТМЕЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНЫККАН ЭРИТМЕЛЕР - белгилүү шартта (темп-ра, басым) эриген зат м-н тең салмакта болгон эритмелер. Бир-биринде эрүүчү заттардыш эрүү процесси К. э. пайда болгонго чейин жүрѳт. Эритменин концент-сы эриген заттыш ж-а эрит­кичтин табиятына, темп-рага ж-а басымга кѳз каранды. Катуу заттар эригенде, бир эле компо­ненттин ар түрдүү катуу фазалары ар түрдүү кон­цент-дагы кашыккан эритмени пайда кылат. Берилген шартта эриген зат м-н эритменин ор­тосунда туруктуу тең салмактуулук пайда бол­бой, эритме дагы кандайдыр бир сандагы затты эрите алса, мындай эритмелер к а н ы к п а­г а н эритмелер деп аталат.