КАНЫККАН ЭРИТМЕЛЕР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАНЫККАН ЭРИТМЕЛЕР - белгилүү шартта (температура, басым) эриген зат м-н тең салмакта болгон эритмелер. Бир-биринде эрүүчү заттардын эрүү процесси каныккан эритмелер пайда болгонго чейин жүрѳт. Эритменин концентрациясы эриген заттын ж-а эриткичтин табиятына, температурага ж-а басымга кѳз каранды. Катуу заттар эригенде, бир эле компоненттин ар түрдүү катуу фазалары ар түрдүү концентраттардагы каныккан эритмени пайда кылат. Берилген шартта эриген зат м-н эритменин ортосунда туруктуу тең салмактуулук пайда болбой, эритме ошондой эле, дагы кандайдыр бир сандагы затты эрите алса, мындай эритмелер к а н ы к п а г а н эритмелер деп аталат.