КАНЫККАН УГЛЕВОДОРОДДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНЫККАН УГЛЕВОДОРОДДОР , а л к а н­д а р, ч е к т ү ү у г л е в о д о р о д д о р – мол еку ладагы к ө мүрт ек атомдору өз ара жөнөкөй, ал эми көмүртектин калган ва­ленттүүлүктөрү суутек атомдору м-н байланыш­кан орг. бирикмелер. К. у. чектүү углеводород­дор деген ат м-н да белгилүү. Алардын эң жөнөкөйү – метан CH4 (саз газы же кен газы).
К. у-дун гомол. катарын метандын молекула­сындагы суутек атомдорун удаалаш метил ра­дикалы (–CH3) м-н орун алмаштыруудан алуу­га болот. Ар бир кийинки мүчөсүнөн CH2 – ме­тилен тобу м-н айырмаланган углеводороддор­дун катары гомол. катар, ал эми – CH2 тобу гомол. айырма деп аталат. К. у-дун жалпы фор­муласы CnH2n+2. (n – молекуладагы көмүртек саны). К. у-дун биринчи төрт мүчөсүнүн аты немис окумуштуусу Гофмандын сунушу б-ча метан – CH4, этан – C2H6, пропан – C3H8, бу­тан – C4H10 деп тривиалдык номенклатура б-ча аталган. Калган К. у-го кийинчерээк молекула­дагы көмүртектин санына жараша грек санда­ры пайдаланылган. Мис., C5H12 пентан (беш), C6H14 гексан (алты), C7H16 гептан (жети), C8H18 октан (сегиз); латын сандарынан – нонан (то­гуз), декан (он), эйкозан (жыйырма), пентаок-


тан (элүү) ж. б. у. с. Бардык эле чектүү углево­дороддордун аттары «ан» мүчѳсү м-н аяктаган­дыктан, алар жалшысышан алкандар деп ата­лыш калган. К. у. биринчи үч мүчѳсү бирден гана структуралыгк формулага ээ. 4-мүчѳсүнѳн баш­тап изомерия кубулушуна ээ. Молекуладагы кѳ- мүртек атомунун санынын ѳсүшү м-н структуралыгк изомерлердин саны да ѳсѳт. Мис., пен­тан C5H12 үч, гептан C7H16 9, октан C8H18 18, декан С10H22 75 изомерге ээ. К. у - дун 1-т ѳрт мүчѳсү кадимки шартта газ, 5-мүчѳсүнѳн 17-мүчѳсүнѳ чейин суюктуктар, андан жогоркулары - катуу заттар. К. у. сууда ѳтѳ аз, ал эми кѳпчүлүк орг. эриткичтерде жакшы эрийт. .Алар хим. реагент­терге инерттүү болгондуктан, парафиндер деген ат берилгеи. Бирок ѳзгѳчѳ шартта К. у. эркин радикалдар м-н оңой эле реакцияга ки­рет. Реакция С-С же С-H байланыштарыныш үзүлүшү м-н жүрѳт. Эгер реакция С-Н байланы­шышыш үзүлүшү м-н жүрүп, суутек атому башка атом же атом тобу м-н орун алмашса, орун ал­машуу реакциясы, ал эми С-С байланышыныш үзүлүшү м-н жүрсѳ, ажыроо реакциясы деп ата­лат. Мис., метанды хлорлоодон - метилхлорид (СН3С1), метиленхлорид (СН2С12), хлороформ (CHCl3), нитрлѳѳдѳн нитроалкандар ж. б. алы­нат. Жогорку темп-рада ысытуудан К. у. майда бѳлүкчѳлѳргѳ бѳлүнүп, чектүү ж-а чексиз уг­леводороддордун аралашмасын пайда кылат. К. у-дун мол. массасыг канчалык чоң болсо, ошончолук жогорку темп-рага туруксуз келет: 2СН4 ==> С2Н2+3Н2. К. у. нефть, таш кѳмүр, ѳсүмдүктѳрдүн курамында кѳп. Синтез жолу м-н да алышат. Алар пластмассаларды, каучук­тарды, булаларды, кир кетирүүчү заттарды алуу­да баштапкы зат катары колдонулат. Ракета ж-а мотор отундарышыш басымдуу бѳлүгүн түзѳт.

С. А. Адылов.