КАНЫККАН УГЛЕВОДОРОДДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНЫККАН УГЛЕВОДОРОДДОР , а л к а н­ д а р, ч е к т ү ү у г л е в о д о р о д д о р –молекуладагы көмүртек атомдору өз ара жөнөкөй, ал эми көмүртектин калган ва­ленттүүлүктөрү суутек атомдору м-н байланыш­кан органикалык бирикмелер. Каныккан углеводороддор чектүү углеводород­дор деген ат м-н да белгилүү. Алардын эң жөнөкөйү – метан CH4 (саз газы же кен газы). Каныккан углеводороддордун гомологиялык катарын метандын молекула­сындагы суутек атомдорун удаалаш метил ра­дикалы (–CH3) м-н орун алмаштыруудан алуу­га болот. Ар бир кийинки мүчөсүнөн CH2 – ме­тилен тобу м-н айырмаланган углеводороддор­дун катары гомологиялык катар, ал эми – CH2 тобу гомологиялык айырма деп аталат. Каныккан углеводороддордун жалпы фор­муласы CnH2n+2. (n – молекуладагы көмүртек саны). Каныккан углеводороддордун биринчи төрт мүчөсүнүн аты немис окумуштуусу Гофмандын сунушу боюнча метан – CH4, этан – C2H6, пропан – C3H8, бу­тан – C4H10 деп тривиалдык номенклатура боюнча аталган. Калган каныккан углеводороддорго кийинчерээк молекула­дагы көмүртектин санына жараша грек санда­ры пайдаланылган. Мисалы, C5H12 пентан (беш), C6H14 гексан (алты), C7H16 гептан (жети), C8H18 октан (сегиз); латын сандарынан – нонан (то­гуз), декан (он), эйкозан (жыйырма), пентаоктан (элүү) ж. б. у. с. Бардык эле чектүү углево­дороддордун аттары «ан» мүчѳсү м-н аяктаган­дыктан, алар жалпысынан алкандар деп ата­лып калган. Каныккан углеводороддор биринчи үч мүчѳсү бирден гана структуралыгк формулага ээ. 4-мүчѳсүнѳн баш­тап изомерия кубулушуна ээ. Молекуладагы кѳмүртек атомунун санынын ѳсүшү м-н структуралыгк изомерлердин саны да ѳсѳт. Мисалы, пен­тан C5H12 үч, гептан C7H16 9, октан C8H18 18, декан С10H22 75 изомерге ээ. Каныккан углеводороддордун 1-тѳрт мүчѳсү кадимки шартта газ, 5-мүчѳсүнѳн 17-мүчѳсүнѳ чейин суюктуктар, андан жогоркулары - катуу заттар. Каныккан углеводороддор сууда ѳтѳ аз, ал эми кѳпчүлүк органикалык эриткичтерде жакшы эрийт. Алар химиялык реагент­терге инерттүү болгондуктан, парафиндер деген ат берилген. Бирок ѳзгѳчѳ шартта каныккан углеводороддор эркин радикалдар м-н оңой эле реакцияга ки­рет. Реакция С-С же С-H байланыштарыныш үзүлүшү м-н жүрѳт. Эгер реакция С-Н байланы­шынын үзүлүшү м-н жүрүп, суутек атому башка атом же атом тобу м-н орун алмашса, орун ал­машуу реакциясы, ал эми С-С байланышынын үзүлүшү м-н жүрсѳ, ажыроо реакциясы деп ата­лат. Мисалы, метанды хлорлоодон - метилхлорид (СН3С1), метиленхлорид (СН2С12), хлороформ (CHCl3), нитрлѳѳдѳн нитроалкандар ж. б. алы­нат. Жогорку температурада ысытуудан каныккан углеводороддор майда бѳлүкчѳлѳргѳ бѳлүнүп, чектүү ж-а чексиз уг­леводороддордун аралашмасын пайда кылат. Каныккан углеводороддордун молекулалык массасы канчалык чоң болсо, ошончолук жогорку температурага туруксуз келет: 2СН4 ⇒ С2Н2+3Н2. Каныккан углеводороддор нефть, таш кѳмүр, ѳсүмдүктѳрдүн курамында кѳп. Синтез жолу м-н да алынат. Алар пластмассаларды, каучук­тарды, булаларды, кир кетирүүчү заттарды алуу­да баштапкы зат катары колдонулат. Ракета ж-а мотор отундарынын басымдуу бѳлүгүн түзѳт.

С. А. Адылов.