КАНЫККАН БУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНЫККАН БУУ – өзүнүн суюктугу м-н дина­микалык (кыймылы) тең салмактуулукта бол­гон буу. Бул учурда суюктук бетинен учуп чык­кан молекулалардын саны ошол эле убакытта суюктукка айланган буунун молекулаларынын санына барабар болот. Суюктуктун өзүнүн буу­су м-н тең салмактагы шартта көлөмгө көз ка­ранды болбогон р0 буу басымы К. б. басымы деп аталат. К. б. кризистик темп-радан Ткр тө­мөнкү темп-рада болушу мүмкүн. К. б-да суу там­чылары болсо, ал нымдуу, болбосо, кургак бо­лот. К. б-нун темп-расы төмөндөсө, суюктукка, ал эми жогоруласа, бууга айланат.