КАНЬОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНЬО́Н (испанча canon – ноо, капчыгай маа­нисинде) – капталдары өтө тик, таманы салыш­тырмалуу кууш, терең дарыя өрөөнү; кууш кап­чыгай. Таманын дарыя нугу толук ээлеп жа­тат. Платолордо же тоолуу жерлерди суу жеми­рип жеп кетишинен пайда болот. К. көбүнчө агын сууларга жарды, климаты кургакчыл, акиташ же базальт тектеринен турган плато­лорго мүнөздүү. Дүйнөдөгү эң ири ж-а белгилүү К. – Колорадо д-ндагы Чоң Каньон (АКШда), анын уз. 320 км, тереңдиги 1800 мге чейин.

Колорадо дарыясындагы Чоң Каньон. АКШ.

Кыргыздар мындай жерлерди шаңшаар, танги деп атайт.