КАНЬОН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАНЬО́Н (испанча canon – ноо, капчыгай маанисинде) – капталдары өтө тик, таманы салыштырмалуу кууш, терең дарыя өрөөнү; кууш капчыгай. Таманын дарыя нугу толук ээлеп жатат. Платолордо же тоолуу жерлерди суу жемирип жеп кетишинен пайда болот. Каньон көбүнчө агын сууларга жарды, климаты кургакчыл, акиташ же базальт тектеринен турган платолорго мүнөздүү. Дүйнөдөгү эң ири ж-а белгилүү каньон – Колорадо дарыясындагы Чоң Каньон (АКШда), анын узундугу 320 км, тереңдиги 1800 мге чейин.

Кыргыздар мындай жерлерди шаңшаар, танги деп атайт.