КАНЦЛЕР
КА́НЦЛЕР (нем. Kanzler) – 1) о. кылымда Европанын феодалдык өлкөлөрүндөгү королдук канцелярия м-н архивди башкаруучу жогорку кызматтагы адам; 2) падышалык Россияда мамл.
К. – жогорку жарандык чин. 1722-ж. рангдар
ж-дөгү табель б-ча К. генерал-фельдмаршалдын
чинине туура келген; 3) Германияда (1871–1945)
рейхсканцлер – өкмөт башчысы (1934-жылдан
мамлекет башчысынын укугун да ээлеген);
4) ГФР м-н Австрияда федералдык К. – өкмөт башчысы; 5) Улуу Британияда казыначы К. –
финансы министри, лорд-К. – лорддор палатасынын төрагасы; 6) Швейцарияда Союз К-и –
бийлик ж-а башкаруу органдарынын секретариатынын жетекчиси.