КАНЦЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́НЦЛЕР (нем. Kanzler) – 1) орто кылымда Евро­панын феодалдык өлкөлөрүндөгү королдук кан­целярия м-н архивди башкаруучу жогорку кыз­маттагы адам; 2) падышалык Россияда мамлекеттик канцлер – жогорку жарандык чин. 1722-жылы рангдар жөнүндөгү табель боюнча канцлер генерал-фельдмаршалдын чинине туура келген; 3) Германияда (1871–1945) рейхсканцлер – өкмөт башчысы (1934-жылдан мамлекет башчысынын укугун да ээлеген); 4) ГФР м-н Австрияда федералдык канцлер – өкмөт башчысы; 5) Улуу Британияда казыначы канцлер – финансы министри, лорд-канцлер – лорддор палата­сынын төрагасы; 6) Швейцарияда Союз канцлери – бийлик ж-а башкаруу органдарынын секрета­риатынын жетекчиси.