КАНТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́НТОР Георг (3. 3. 1845, Санкт-Петербург – 6. 1. 1918, Галле) – немис математиги. 1867-ж. Берлин ун-тин бүткөн. 1879–1913-ж. Галле ун­тинде проф. К. чексиз көптүктөр теориясын ж-а трансфиниттик сандар теориясын чыгарган. 1874-ж. эквивалентсиз (б. а. түрдүү кубаттуу­луктагы) чексиз көптүктөрдүн бар экенин билүү м-н бардык чыныгы сандар көптүгүнүн такты­гын далилдеген, көптүк кубаттуулугунун жал­пы түшүнүгүн (1878) изилдеген. 1879–84-ж. К. чексиздик ж-дөгү окуусунун принциптерин су­нуш кылган. К. предел чекитинин, көптүк туун­дусунун түшүнүгүн киргизген, жеткилең көп­түккө мисал келтирген, иррационалдуу сандар теориясын өнүктүргөн, Кантор аксиомасын айт­кан. К-дун идеяларына замандаштары каршы чыккан, бирок ал математиканын өнүгүшүнө зор cалым кошкон.


Эмг.: Труды по теории множеств. М., 1985.