КАНТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́НТОР Георг (3. 3. 1845, Санкт-Петербург – 6. 1. 1918, Галле) – немис математиги. 1867-жылы Берлин университетин бүткөн. 1879–1913-жылдарда Галле ун­иверситетинде профессор. Кантор чексиз көптүктөр теориясын ж-а трансфиниттик сандар теориясын чыгарган. 1874-жылы эквивалентсиз (башкача айтканда түрдүү кубаттуу­луктагы) чексиз көптүктөрдүн бар экенин билүү м-н бардык чыныгы сандар көптүгүнүн такты­гын далилдеген, көптүк кубаттуулугунун жал­пы түшүнүгүн (1878) изилдеген. 1879–84-жылдарда Кантор чексиздик жөнүндөгү окуусунун принциптерин су­нуш кылган. Кантор предел чекитинин, көптүк туун­дусунун түшүнүгүн киргизген, жеткилең көп­түккө мисал келтирген, иррационалдуу сандар теориясын өнүктүргөн, Кантор аксиомасын айт­кан. Кантордун идеяларына замандаштары каршы чыккан, бирок ал математиканын өнүгүшүнө зор cалым кошкон.

Эмг.: Труды по теории множеств. М., 1985.