КАНТАТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНТА́ТА (лат. cantare – ырдоо) – солист, хор ж-а оркестр үчүн жазылган көп бөлүмдүү вокал­дык-аспаптык чыгарма. К. салтанаттуу, куба­нычтуу, лирикалык, кайгылуу ж-а баяндоо мү­нөзүндө болот да, жарандык ж-а диний деп бөлүнөт. Адатта К. оркестрдик киришмеден, ари­ялардан, речитативдерден ж-а хорлордон турат. Ораторияга жакын, бирок андан масштабынын чакандыгы м-н айырмаланат. К. 17-к-дын 1-жа­рымында Италияда пайда болгон. Итал. К-нын гүлдөп-өсүшү 17-к-да А. Скарлатти, Ж. Карис­сими, Ф. Кавалли ж. б. композиторлордун чыг­лыгы м-н мүнөздөлөт. И. С. Бах жарандык ж-а диний К-нын жогорку көркөмдүктөгү үлгүлөрүн жараткан. 18–19-к-да комп. Г. Гендель, В. Мо­царт, П. Чайковский, Н. Римский-Корсаков ж. б. бир топ олуттуу К-ларды жазган. К-да хордун ролу кеңейип, элдик ырлардын интонацияла­ры колдонулат. Комп. С. Прокофьевдин «Алек­сандр Невский», Ю. Шапориндин «Куликов та­лаасында», кыргыз музыкасында М. Абдраев­дин «Гүлдөгөн Кыргызстан», К. Молдобасанов­дун «Кыргызстан гүлдөсүн» ж. б. көрүнүктүү К-лар бар.