КАНТАТА
КАНТА́ТА (латынча cantare – ырдоо) – солист, хор жана оркестр үчүн жазылган көп бөлүмдүү вокалдык-аспаптык чыгарма. Кантата салтанаттуу, кубанычтуу, лирикалык, кайгылуу жана баяндоо мүнөзүндө болот да, жарандык жана диний деп бөлүнөт. Адатта кантата оркестрдик киришмеден, ариялардан, речитативдерден жана хорлордон турат. Ораторияга жакын, бирок андан масштабынын чакандыгы менен айырмаланат. Кантата XVII кылымдын 1-жарымында Италияда пайда болгон. Италян кантатасынын гүлдөп-өсүшү XVII кылымда А. Скарлатти, Ж. Кариссими, Ф. Кавалли жана башка композиторлордун чыгармачылыгы менен мүнөздөлөт. И. С. Бах жарандык жана диний кантатанын жогорку көркөмдүктөгү үлгүлөрүн жараткан. XVIII–XIX кылымдарда композиторлор Г. Гендель, В. Моцарт, П. Чайковский, Н. Римский-Корсаков жана башкалар бир топ олуттуу кантаталарды жазган. Кантатада хордун ролу кеңейип, элдик ырлардын интонациялары колдонулат. Композиторлор С. Прокофьевдин «Александр Невский», Ю. Шапориндин «Куликов талаасында», кыргыз музыкасында М. Абдраевдин «Гүлдөгөн Кыргызстан», К. Молдобасановдун «Кыргызстан гүлдөсүн» жана башка көрүнүктүү кантаталар бар.