КАНИФОЛЬ
КАНИФО́ЛЬ – ачык сары түстөн кочкул күрөң
түскө чейинки айнек сымал морт зат. Ийне жалбырактуу дарактардын чайырынан скипидарды бөлүп алгандан кийинки калдык. К. эфирде,
спиртте, бензолдо ж-а скипидарда – жакшы,
бензинде, керосинде, фурфуролдо начар эрийт, сууда эрибейт. 52–75°Сде ысытканда жумшарат; б. эрүү t 100–140°С. К. ж-а андан алынган заттар (эфирлери, диендик синтез заттары) кагаз
чаптоодо, боёгуч лактарды (алкид, фенол-формальдегид), чайырларды, самын, линолеум, синтездик каучук, электр өткөрбөөчү тетиктерди
өндүрүүдө колдонулат.
КАН КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ
Баткен обл-ндагы Совет шаарчасына жакын жайгашкан. 1950-ж. ишке киргизилген. Аянты 175 миң м2. Мында Кан кенташ башкармалыгында иштетилген калдыктар (коргошун, оор металл ж. б.) сакталат. Гамма нурлануу өлчөмү ж-дө так маалымат жок. Жер титирөөгө туруктуулугу 9 балл.