КАНИФОЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНИФО́ЛЬ – ачык сары түстөн кочкул күрөң түскө чейинки айнек сымал морт зат. Ийне жал­бырактуу дарактардын чайырынан скипидарды бөлүп алгандан кийинки калдык. Канифоль эфирде, спиртте, бензолдо ж-а скипидарда жакшы, бензинде, керосинде, фурфуролдо начар эрийт, сууда эрибейт. 52–75°Сде ысытканда жумшарат; б. эрүү t 100–140°С. Канифоль ж-а андан алынган зат­тар (эфирлери, диендик синтез заттары) кагаз чаптоодо, боёгуч лактарды (алкид, фенол-фор­мальдегид), чайырларды, самын, линолеум, син­тездик каучук, электр өткөрбөөчү тетиктерди өндүрүүдө колдонулат.



КАН КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ Баткен облусундагы Совет шаарчасына жакын жайгашкан. 1950-жылы ишке киргизилген. Аян­ты 175 миң м2. Мында Кан кенташ башкарма­лыгында иштетилген калдыктар (коргошун, оор металл ж. б.) сакталат. Гамма нурлануу өлчөмү жөнүндө так маалымат жок. Жер титирөөгө турук­туулугу 9 балл.