КАН-ЖАЙЛОО МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАН-ЖАЙЛОО МӨҢГҮСҮ – Борб. Теңир-Тоодогу бутактанган өрөөн тибиндеги мөңгү. Сары-Жаз суусунун алабында. Эңилчек кырка тоосунун ортоңку бөлүгүндө, анын түн. айрыгынын ара­ларында жайгашкан. Уз. 13 км, аянты 32,5 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5257 м, этеги 3150 м бийикте. Кар чегинин бийикт. 4200 м. Мөңгү мез­гил-мезгили м-н тартылып, кайра ордуна ке­лип турат. Андан Эңилчек суусунун сол куйма­сы Ат-Жайлоо суусу башталат.