КАН-ЖАЙЛОО МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАН-ЖАЙЛОО МӨҢГҮСҮ – Борбордук Теңир-Тоодогу бутактанган өрөөн тибиндеги мөңгү. Сары-Жаз суусунун алабында. Эңилчек кырка тоосунун ортоңку бөлүгүндө, анын түндүк айрыгынын араларында жайгашкан. Узундугу 13 км, аянты 32,5 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5257 м, этеги 3150 м бийикте. Кар чегинин бийиктиги 4200 м. Мөңгү мезгил-мезгили м-н тартылып, кайра ордуна келип турат. Андан Эңилчек суусунун сол куймасы Ат-Жайлоо суусу башталат.