КАН-ДӨБӨ ШААР КАЛДЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАН-ДӨБӨ ШААР КАЛДЫГЫ , Т о ң ш а а р к а л д ы г ы – 6–12-к-га таандык археол. эсте­лик. Ысык-Көл аймагындагы Туура-Суу айылы­нын сол тарабында жайгашкан. Шаар үч бөлүк­төн: борб. бөлүгү (цитадель), анын айланасын­дагы шаардыктардын турак жайлары ж-а куру­луш имараттарынан (шахрстан) турган. Шаар сокмо дубал (бийикт. 4–8 м, туурасы 3–5 м) м-н курчалган. Тоолорго ыңгайлуу кароол дөбө-

Колодон куюлган короздун скульптурасы. 2010-ж.

лөр тургузулуп, андан ондогон км аралыктагы жерлер көрүнгөн. Шаардын 100 гага чейинки аянттарында карапайым калктын, кол өнөрчү­лөрдүн ж-а дыйкандардын турак жайлары, ал эми шаардын борб. бөлүгүндө ж-а шахрстанда шаар башкаруучуларынын, дөөлөттүү адамдар­дын турак жайлары, чарбактары жайгашкан. Археол. изилдөөлөрдө чарбалык мүнөздөгү ку­рулуш имараттары, жейрендин алтын, короз­дун коло сөлөкөттөрү, коло билерик, шакек, шам чырак орнотулуучу буюм, белине кылыч асынган, он ок элинин жоокер аялын чагыл­дырган таш айкел, темирден жасалган буюм­дар, тыйын, карапа, жаргылчактар, бышкан кыштардын калдыктары табылган. Шаар ж-дө маалыматтар о. кылымдардагы жазма булак­тарда кездешет. Бул шаар тууралуу 19-к-дын 70-жылдарында В. В. Герн, Н. В. Сорокин, В. П. Поярков, С. М. Дудиндин маалыматта­рында, о. эле В. В. Бартольддун эмгектеринде эскертилет. Археологдор А. Н. Бернштам ж-а Д. Ф. Винник, 2010-ж. Кыргыз-Түрк «Манас» ун-ти (жетекчиси К. Табалдиев) уюштурган ар­хеол. экспедициясы изилдеген.