КАН-ДӨБӨ ШААР КАЛДЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАН-ДӨБӨ ШААР КАЛДЫГЫ , Т о ң ш а а р к а л д ы г ы – VI–XII кылымдарга таандык археологиялык эсте­лик. Ысык-Көл аймагындагы Туура-Суу айылы­нын сол тарабында жайгашкан. Шаар үч бөлүк­төн: борбордук бөлүгү (цитадель), анын айланасын­дагы шаардыктардын турак жайлары жана куру­луш имараттарынан (шахрстан) турган. Шаар сокмо дубал (бийиктиги 4–8 м, туурасы 3–5 м) менен курчалган. Тоолорго ыңгайлуу кароол дөбөлөр тургузулуп, андан ондогон км аралыктагы жерлер көрүнгөн.

Колодон куюлган короздун скульптурасы. 2010-жыл.

Шаардын 100 гага чейинки аянттарында карапайым калктын, кол өнөрчү­лөрдүн жана дыйкандардын турак жайлары, ал эми шаардын борбордук бөлүгүндө жана шахрстанда шаар башкаруучуларынын, дөөлөттүү адамдар­дын турак жайлары, чарбактары жайгашкан. Археологиялык изилдөөлөрдө чарбалык мүнөздөгү ку­рулуш имараттары, жейрендин алтын, короз­дун коло сөлөкөттөрү, коло билерик, шакек, шам чырак орнотулуучу буюм, белине кылыч асынган, он ок элинин жоокер аялын чагыл­дырган таш айкел, темирден жасалган буюм­дар, тыйын, карапа, жаргылчактар, бышкан кыштардын калдыктары табылган. Шаар жөнүндө маалыматтар орто кылымдардагы жазма булак­тарда кездешет. Бул шаар тууралуу XIX кылымдын 70-жылдарында В. В. Герн, Н. В. Сорокин, В. П. Поярков, С. М. Дудиндин маалыматта­рында, ошондой эле В. В. Бартольддун эмгектеринде эскертилет. Археологдор А. Н. Бернштам жана Д. Ф. Винник, 2010-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университети (жетекчиси К. Табалдиев) уюштурган ар­хеологиялык экспедициясы изилдеген.