КАНДИДОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНДИДО́З , к а н д и д а м и к о з – теринин, былжыр челдин ж-а ички органдардын ачыткы мите козу карындар козгоочу оорусу. К-дун пай­да болушуна углевод алмашуунун бузулушу, ичегинин дисбактериозу, организмге керек зат­тардын жетишсиздиги, антибиотиктерди врач­тын көзөмөлүсүз көп колдонуу себеп болот. Ашкере колдонулган антибиотик зыяндуу мик­робдор м-н бирге тамак сиңирүүгө катышуучу микробдорду жок кылып, адамдын териси ж-а былжыр челиндеги микроорганизмдердин биол. тең салмактуулугун бузат. Натыйжада антибио­тиктердин таасирине чыдамдуу К-дун козгогуч­тары (кандида) өтө тез көбөйүп, ооруну пайда кылат. К. м-н ооз ичи, жыныс органдарынын былжыр чели, тери бүктөөлөрү, тырмактын түбү ж. б. жабыркайт. Ооз былжыр челинин К-у эм-

чектеги балада ж-а улгайган кишиде көп жолу­гат. Организми начарлаган, оорукчал балада адегенде оозул пайда болуп, тили, бүйлөсү кы­зарып, андан кийин ак катмар м-н капталат, ал оңой сыйрылып, кайра пайда болуп турат.
Өтө семиз кишинин ж-а баланын чатында, ман­жа арасында пайда болот. Эгер оору көпкө со­зулса, ичеги, карын, өпкө клеткаларын бузуп, канга өтөт да, бүт денени ууландырат. Жашыл­ча-жемиш м-н, о. эле мончодо иштеген ж-а идиш­аяк жууган адамдардын тырмагынын түбү жа­быркайт. Оору лабор. жол м-н аныкталат. Да­рылоодо мите козу карынга каршы дарылар бе­рилет. Алдын алуу үчүн жеке тазалыкты сак­тап, антибиотик ж. б. дарыны врачтын көрсөт­мөсү м-н гана колдонуу зарыл.