КАНДИДОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНДИДОЗ́З , к а н д и д а м и к о з – теринин, былжыр челдин ж-а ички органдардын ачыткы мите козу карындар козгоочу оорусу. Кандидоздун пай­да болушуна углевод алмашуунун бузулушу, ичегинин дисбактериозу, организмге керек зат­тардын жетишсиздиги, антибиотиктерди врач­тын көзөмөлүсүз көп колдонуу себеп болот. Ашкере колдонулган антибиотик зыяндуу мик­робдор м-н бирге тамак сиңирүүгө катышуучу пайдалуу микробдорду жок кылып, адамдын териси ж-а былжыр челиндеги микроорганизмдердин биологиялык тең салмактуулугун бузат. Натыйжада антибио­тиктердин таасирине чыдамдуу кандидоздун козгогуч­тары (кандида) өтө тез көбөйүп, ооруну пайда кылат. Кандидоз м-н ооз ичи, жыныс органдарынын былжыр чели, тери бүктөөлөрү, тырмактын түбү ж. б. жабыркайт. Ооз былжыр челинин кандидозу эмчектеги балада ж-а улгайган кишиде көп жолу­гат. Организми начарлаган, оорукчал балада адегенде оозул пайда болуп, тили, бүйлөсү кы­зарып, андан кийин ак катмар м-н капталат, ал оңой сыйрылып, кайра пайда болуп турат. Өтө семиз кишинин ж-а баланын чатында, ман­жа арасында пайда болот. Эгер оору көпкө со­зулса, ичеги, карын, өпкө клеткаларын бузуп, канга өтөт да, бүт денени ууландырат. Жашыл­ча-жемиш м-н, ошондой эле мончодо иштеген ж-а идиш-­аяк жууган адамдардын тырмагынын түбү жа­быркайт. Оору лабораториялык жол м-н аныкталат. Да­рылоодо мите козу карынга каршы дарылар бе­рилет. Алдын алуу үчүн жеке тазалыкты сак­тап, антибиотик ж. б. дарыны врачтын көрсөт­мөсү м-н гана колдонуу зарыл.