КАНАРИЯ АРАЛДАРЫ
КАНА́РИЯ АРАЛДАРЫ (исп. Islas Canarias –
иттүү аралдар) – Атлантика океанындагы аралдар тобу, Африка (Марокко) жээгинен 100–
120 км түн.-батышта. Испаниянын автономия облусу. Адм. борбору – Лас-Пальмас. Аянты
7,4 миң км2. Калкы 2 млндой (2006). Негизги аралдары: Гран-Канария, Тенерифе, Фуэртевентура, Лансароте. Аралдары жанартоодон пайда болуп, базальт тоо тектеринен түзүлгөн. Өчкөн ж-а аракеттеги жанартоолор (6) бар. Бийикт. 3718 мге чейин (Тенерифе а-ндагы Тейде аракеттеги жанартоосу). Климаты субтропиктик океандык, мелүүн ысык ж-а кургак. Жээктеринде
айлык орт. темп-расы 19–22°С, жылдык жаанчачыны 300–500 мм. Тропиктик дайыма жашыл
токой ж-а бадал өсүмдүктөрү басымдуу. Флорасынын курамында эндемия түрлөрү арбын (ажыдаар дарагы, канария курма пальмасы, канария кызыл карагайы). К. а-нын аймагынын 40% аянты коргоого алынган; Гарахонай (Гомер а-нда) ж-а Тейде (Тенерифе а-нда) улуттук парктары Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Ту ризм (пл я ждык , с портт у к, эк ол.)
өнүккөн. Тропиктик дыйканчылык өнүккөн.
Балык кармалат. Кышкы курорттор бар. Башкы шаарлары, ири порттору ж-а курорттору: Лас-Пальмас (Гран-Канария а-нда), Санта-Крусде-Тенерифе (Тенерифе а-нда). Атлантика океанындагы маанилүү транзиттик база.