КАНАРИЯ АРАЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНА́РИЯ АРАЛДАРЫ (исп. Islas Canarias –иттүү аралдар) – Атлантика океанындагы арал­дар тобу, Африка (Марокко) жээгинен 100–120 км түндүк-батышта. Испаниянын автономия облусу. Административдик борбору – Лас-Пальмас. Аянты 7,4 миң км2. Калкы 2 млндой (2006). Негизги аралдары: Гран-Канария, Тенерифе, Фуэртевен­тура, Лансароте. Аралдары жанар тоодон пайда болуп, базальт тоо тектеринен түзүлгөн. Өчкөн ж-а аракеттеги жанар тоолор (6) бар. Бийиктиги 3718 мге чейин (Тенерифе аралындагы Тейде аракет­теги жанар тоосу). Климаты субтропиктик океан­дык, мелүүн ысык ж-а кургак. Жээктеринде айлык орточо температурасы 19–22°С, жылдык жаан-­чачыны 300–500 мм. Тропиктик дайыма жашыл токой ж-а бадал өсүмдүктөрү басымдуу. Флора­сынын курамында эндемия түрлөрү арбын (ажы­даар дарагы, канария курма пальмасы, кана­рия кызыл карагайы). Канария аралынын аймагынын 40% аянты коргоого алынган; Гарахонай (Гомер аралында) ж-а Тейде (Тенерифе аралында) улуттук парк­тары Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кир­ген. Туризм (пляждык , спорттук, эк- ологиялык) өнүккөн. Тропиктик дыйканчылык өнүккөн.
Балык кармалат. Кышкы курорттор бар. Баш­кы шаарлары, ири порттору ж-а курорттору: Лас-Пальмас (Гран-Канария аралында), Санта-Крус­де-Тенерифе (Тенерифе аралында). Атлантика океа­нындагы маанилүү транзиттик база.