КАНАРИЯ АРАЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНА́РИЯ АРАЛДАРЫ (исп. Islas Canarias – иттүү аралдар) – Атлантика океанындагы арал­дар тобу, Африка (Марокко) жээгинен 100– 120 км түн.-батышта. Испаниянын автономия облусу. Адм. борбору – Лас-Пальмас. Аянты 7,4 миң км2. Калкы 2 млндой (2006). Негизги аралдары: Гран-Канария, Тенерифе, Фуэртевен­тура, Лансароте. Аралдары жанартоодон пайда болуп, базальт тоо тектеринен түзүлгөн. Өчкөн ж-а аракеттеги жанартоолор (6) бар. Бийикт. 3718 мге чейин (Тенерифе а-ндагы Тейде аракет­теги жанартоосу). Климаты субтропиктик океан­дык, мелүүн ысык ж-а кургак. Жээктеринде айлык орт. темп-расы 19–22°С, жылдык жаан­чачыны 300–500 мм. Тропиктик дайыма жашыл токой ж-а бадал өсүмдүктөрү басымдуу. Флора­сынын курамында эндемия түрлөрү арбын (ажы­даар дарагы, канария курма пальмасы, кана­рия кызыл карагайы). К. а-нын аймагынын 40% аянты коргоого алынган; Гарахонай (Гомер а-нда) ж-а Тейде (Тенерифе а-нда) улуттук парк­тары Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кир­ген. Ту ризм (пл я ждык , с портт у к, эк ол.) өнүккөн. Тропиктик дыйканчылык өнүккөн.
Балык кармалат. Кышкы курорттор бар. Баш­кы шаарлары, ири порттору ж-а курорттору: Лас-Пальмас (Гран-Канария а-нда), Санта-Крус­де-Тенерифе (Тенерифе а-нда). Атлантика океа­нындагы маанилүү транзиттик база.