КАНАРИЯ АГЫМЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНА́РИЯ АГЫМЫ – Атлантика океанынын түн. бөлүгүнүн чыгышындагы муздак агым. Түн. Атлантика агымынын батыш тармагы. Туура­сы 400–600 км. Пиреней ж. а-н ж-а Африканын түн.-батышын жээктей түндүктөн түштүктү ка­рай агат. Суусунун темп-расы февралда 12–23°С, августта 19–20°С. Агымдын ылдамдыгы 0,9– 1,82 км/саат. Суусунун чыгымы 16 млн м3/сек­дай; туздуулугу 36,0–36,8‰. Түштүктө Түн. Пас­сат агымына өтөт (Гвинея булуңун карай бир аз багытталат).