КАНАРИЯ АГЫМЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНА́РИЯ АГЫМЫ – Атлантика океанынын түндүк бөлүгүнүн чыгышындагы муздак агым. Түндүк Атлантика агымынын батыш тармагы. Туура­сы 400–600 км. Пиреней жарым аралын ж-а Африканын түндүк-батышын жээктей түндүктөн түштүктү ка­рай агат. Суусунун температурасы февралда 12–23°С, августта 19–20°С. Агымдын ылдамдыгы 0,9– 1,82 км/саат. Суусунун чыгымы 16 млн м3/сек­дай; туздуулугу 36,0–36,8‰. Түштүктө Түндүк Пас­сат агымына өтөт (Гвинея булуңун карай бир аз багытталат).