КАН АКИТАШ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАН АКИТАШ КЕНИ Баткен обл-нун Кадам­жай р-нунда, Катраң тоосунун түн. этегинде. 1973–75-ж. чалгындалган. Кен аймагын мезо­зойдогу чөкмө тектер түзөт. Үлүлдүү акиташ бор мезгилинде пайда болуп, 2–3 кмге чейин ичке тилке түрүндө созулуп жатат. Калыңдыгы 10– 20 м. Жакшы сайкалданат. Блоктуулугу жак­шы. Жылмалап сайкалданган бети кочкул сары түстө. Запасы 1 млн м3. Дубалды кооздоп кап­тоого пайдаланса болот.