ИНТЕРПЕЛЛЯЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:52, 1 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТЕРПЕЛЛЯ́ЦИЯ (лат. interpellatio – «сөздү бөлүү», «сотко арыз берүү») – өлкөнүн тышкы же ички саясаты туурасында же кайсы бир кон­креттүү мамлекеттик маселелер боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылып, өкмөткө кайрылган депутаттык суроо-талап. Интерпелляция көбүнчө коомдо олуттуу тынч­сыздандырууну туудурган кандайдыр бир факт боюнча жасалат. Ошондуктан интерпелляция жалпы талаш-тар­тышты, андан соң саясий санкцияны: министр берген түшүндүрмөнүн канааттандырганын же канааттандырбаганын чагылдырган добуш берүүнү туудурат. Кээ бир учурларда талаш-тар­тыш министрге же өкмөттүн бардык курамына ишенбөө жөнүндөгү суроону киргизүү м-н аякта­лат. Интерпелляция маалымат алуунун гана күчтүү ыкмасы болбостон, депутаттар тарабынан тике көзөмөл­дөөнүн күчтүү формасы болуп саналат.