ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:14, 28 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТЕЛЛИГЕ́НЦИЯ (лат. intelligens – түшүнгөн, ой жүгүрткөн, акыл-эстүү) – элдин акыл эмге­ги, көбүнчө татаал чыгармачылык эмгек м-н кесип­тенген, маданиятты өнүктүргөн ж-а жайылткан коомдук катмары. Интеллигенция төмөнкүдөй маанилүү эки сапатка ээ: кең мааниде – адамзатка мүнөздүү болгон рухий дөөлөттү түзүү, акыл жөндөмдүү­лүгү; тар мааниде – оор кырдаалдарда тез че­чим кабыл алууга ж-а түзүлгөн кырдаалдан жол таба билүүгө жөндөмдүүлүк, акыл эмгегине кы­зыгуу, тез ж-а туура ой жүгүртө билүү. «Интеллигенция» тер­мини алгачкы жолу 19-кылымда орус жазуучусу П. Д. Бобрыкин тарабынан илимге киргизил­ген. Интеллигенция антикалык доордо акыл ж-а күч эмгек­теринин бөлүнүшүнүн натыйжасында пайда бо­луп, орто кылымдар ж-а Кайра жаралуу мезгилин­де калыптанган. Кесиптик структурасы боюнча интеллигенция илимий-техникалык, башкаруучулук, аскердик, укуктук ж-а сот органдарынын кызматкерлери болуп бөлүнүшсө, маданият, ММК кызматкерлери интеллигенциянын чоң отрядын түзүшөт. Дин кызматкерлери идеологиялык ж-а адеп-ахлактык функцияларды ат­карышат. Интеллигенция – идеологиянын башкы жаратуу­чусу, саясий партияларды түзүүнүн демилгечи­си ж-а коомдук кыймылдардын башкаруучу­су. Интеллигенциянын андан аркы өнүгүшү индустриялык ж-а индустриялыктан кийинки коомдорго туу­ра келет.