ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯ
ИНТЕЛЛИГЕ́НЦИЯ (лат. intelligens – түшүнгөн, ой жүгүрткөн, акыл-эстүү) – элдин акыл эмгеги, көбүнчө татаал чыгармачылык эмгек м-н кесиптенген, маданиятты өнүктүргөн ж-а жайылткан коомдук катмары. Интеллигенция төмөнкүдөй маанилүү эки сапатка ээ: кең мааниде – адамзатка мүнөздүү болгон рухий дөөлөттү түзүү, акыл жөндөмдүүлүгү; тар мааниде – оор кырдаалдарда тез чечим кабыл алууга ж-а түзүлгөн кырдаалдан жол таба билүүгө жөндөмдүүлүк, акыл эмгегине кызыгуу, тез ж-а туура ой жүгүртө билүү. «Интеллигенция» термини алгачкы жолу 19-кылымда орус жазуучусу П. Д. Бобрыкин тарабынан илимге киргизилген. Интеллигенция антикалык доордо акыл ж-а күч эмгектеринин бөлүнүшүнүн натыйжасында пайда болуп, орто кылымдар ж-а Кайра жаралуу мезгилинде калыптанган. Кесиптик структурасы боюнча интеллигенция илимий-техникалык, башкаруучулук, аскердик, укуктук ж-а сот органдарынын кызматкерлери болуп бөлүнүшсө, маданият, ММК кызматкерлери интеллигенциянын чоң отрядын түзүшөт. Дин кызматкерлери идеологиялык ж-а адеп-ахлактык функцияларды аткарышат. Интеллигенция – идеологиянын башкы жаратуучусу, саясий партияларды түзүүнүн демилгечиси ж-а коомдук кыймылдардын башкаруучусу. Интеллигенциянын андан аркы өнүгүшү индустриялык ж-а индустриялыктан кийинки коомдорго туура келет.