ИНКРУСТАЦИЯ СТИЛИ
ИНКРУСТА́ЦИЯ СТИЛИ – 11–13-кылымдарда Тосканада (Борбордук Италия) өнүккөн роман стилиндеги архитектурадагы багыт. Инкрустация стилинин курулуштары (Сан- Жованни баптистерийи, 1059–13-кылымдар; Сан-Миньято аль Монте чиркөөсү, 1014–1207, Флоренция) пропорциясынын гармониялуулугу, жасалгасы, түстүү мрамор м-н кооздолгону м-н айырмаланат. Инкрустация стилинин имараттарына антикалык үлгүдө жасалган аркадалар шаңдуулук м-н аземдүүлүк берип турат.