ИНКРУСТАЦИЯ СТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНКРУСТА́ЦИЯ СТИЛИ – 11–13-кылымдарда Тоскана­да (Борбордук Италия) өнүккөн роман стилиндеги архитектурадагы багыт. Инкрустация стилинин курулуштары (Сан- Жованни баптистерийи, 1059–13-кылымдар; Сан-Минья­то аль Монте чиркөөсү, 1014–1207, Флоренция) пропорциясынын гармониялуулугу, жасалгасы, түстүү мрамор м-н кооздолгону м-н айырмаланат. Инкрустация стилинин имараттарына антикалык үл­гүдө жасалган аркадалар шаңдуулук м-н азем­дүүлүк берип турат.