ИНДУСТРИЯЛЫК КООМ
ИНДУСТРИЯЛЫК КООМ – «бүгүнкү типтеги» коомдук системалардын келип чыгышын мүнөздөгөн социологиялык теория түшүнүгү. Индустриялык коом – жаңы доордун мезгилинде Батыш Европада калыптанып, 20-кылымдын 50–60-жылдарында кеңири таралган (Р. Арон, У. Ростоу, Д. Белл ж. б.) концепция. Бул терминдин чыгышы А. Сен-Симонго таандык. Индустриялык коомдун структураларынын тарыхый калыптануусу модернизация концепцияларында изилденет. Индустриялык коомдо төмөнкү процесстер байкалат: өндүрүштү механикалаштыруу ж-а автоматташтыруу, техникалык жаңыртууларды колдонуу, шаарлардын өсүшү, байыркы коомдук түзүлүштөр (патриархалдык үй-бүлө) жоюлуп, балдардын төрөлүшүнүн төмөндөшү, билим алуу түрлөрүнүн пайда болушу, урбанизация, базар экономикасы, ишкерлердин социалдык топтору ж-а жалданма жумушчулар, демократия ж-а укуктук мамлекет м-н мүнөздөлгөн өнөр жай коомунун өнүгүшү ж. б. Индустриялык коом либералдуу коомдордо да, ошондой эле авторитардык-этатисттик режимдерде да өкүм сүрө алат. 20-кылымдын аягында индустриялык коомдон постиндустриялык коомго өтүү башталды. Индустриялык коом социалдык системалардын эволюциясынын бүткүл-дүйнөлүк тарыхый процессинин бир баскычы катары каралат.