ИНДУСТРИЯЛЫК КООМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНДУСТРИЯЛЫК КООМ – «бүгүнкү типтеги» коомдук системалардын келип чыгышын мүнөз­дөгөн социологиялык теория түшүнүгү. Индустриялык коом – жаңы доордун мезгилинде Батыш Европада калыпта­нып, 20-кылымдын 50–60-жылдарында кеңири та­ралган (Р. Арон, У. Ростоу, Д. Белл ж. б.) кон­цепция. Бул терминдин чыгышы А. Сен-Симонго таандык. Индустриялык коомдун структураларынын та­рыхый калыптануусу модернизация концепция­ларында изилденет. Индустриялык коомдо төмөнкү процесстер байкалат: өндүрүштү механикалаштыруу ж-а ав­томатташтыруу, техникалык жаңыртууларды колдонуу, шаарлардын өсүшү, байыркы коомдук түзүлүш­төр (патриархалдык үй-бүлө) жоюлуп, балдар­дын төрөлүшүнүн төмөндөшү, билим алуу түрлө­рүнүн пайда болушу, урбанизация, базар эконо­микасы, ишкерлердин социалдык топтору ж-а жалданма жумушчулар, демократия ж-а укук­тук мамлекет м-н мүнөздөлгөн өнөр жай коомунун өнүгүшү ж. б. Индустриялык коом либералдуу коомдордо да, ошондой эле авторитардык-этатисттик режимдерде да өкүм сүрө алат. 20-кылымдын аягында индустриялык коомдон пост­индустриялык коомго өтүү башталды. Индустриялык коом социалдык системалардын эволюциясынын бүткүл-дүйнө­лүк тарыхый процессинин бир баскычы катары каралат.