КАМЮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМЮ́ Альбер (7. 11. 1913, Алжир, Мондови айылы – 4. 1. 1960, Франция, Вильвблевен айы­лы) – фр. жазуучу ж-а философ-экзистенциа­лист. Нобель сыйл. лауреаты (1957). Каршылык көрсөтүү кыймылынын катышуучусу. «Бөтөн адам» (1944) повестинде жашоонун абсурддуу­лугу ж-дөгү тема козголот. «Чума» (1947) аттуу антифашисттик роман-икаясында адамдын эң жогорку эрдиги деп тиричиликтин маанисизди­гине каршы күрөштү эсептеген. «Сизиф жөнүндө миф» (1942), «Жаалданган киши» (1951) филос. чыгармаларында, «Калигула» (1944) пьесасын­да дүйнөдөн четтеп калбоо үчүн жасалган куру­лай аракеттерди көргөзөт. К-нун чыг-лыгында гуманисттик ж-а индивидуалисттик карама­каршы тенденциялар камтылган.


Ад.: Фокин С. Л. А. Камю. Роман. Философия. Жизнь. СПб., 1999.