КАМЮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМЮ́ Альбер (7. 11. 1913, Алжир, Мондови айылы – 4. 1. 1960, Франция, Вильвблевен айы­лы) – франциялык жазуучу ж-а философ-экзистенциа­лист. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1957). Каршылык көрсөтүү кыймылынын катышуучусу. «Бөтөн адам» (1944) повестинде жашоонун абсурддуу­лугу жөнүндөгү тема козголот. «Чума» (1947) аттуу антифашисттик роман-икаясында адамдын эң жогорку эрдиги деп тиричиликтин маанисизди­гине каршы күрөштү эсептеген. «Сизиф жөнүндө миф» (1942), «Жаалданган киши» (1951) философиялык чыгармаларында, «Калигула» (1944) пьесасын­да дүйнөдөн четтеп калбоо үчүн жасалган куру­лай аракеттерди көргөзөт. Камюнун чыгармачылыгында гуманисттик ж-а индивидуалисттик карама-­каршы тенденциялар камтылган.

Ад.: Фокин С. Л. А. Камю. Роман. Философия. Жизнь. СПб., 1999.