КАМЫШАНОВКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМЫША́НОВКА – Чүй обл-нун Сокулук р-нун­дагы кыштак. Камышановка айыл округунун борбору. Деңиз деңг. 555 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыш-нан 60 км түн. тарапта. Шопоков т. ж. бекетинен 65 км. Кыш­так 1912-ж. негизделген. Калкы 1740 (2007); неги­зинен мал м-н алектенип, жашылча өстүрүүдө эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, бала бакча, клуб, китепкана, ашкана бар. Улуу Ата Мекендик со­гушта курман болгондорго эстелик тургузулган.