КАМЫШАНОВКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМЫША́НОВКА – Чүй облусунун Сокулук районун­дагы кыштак. Камышановка айыл округунун борбору. Деңиз деңгээлинен 555 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыштагынаннан 60 км түндүк тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 65 км. Кыш­так 1912-жылы негизделген. Калкы 3189 (2022); неги­зинен мал м-н алектенип, жашылча өстүрүүдө эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, бала бакча, клуб, китепкана, ашкана бар. Улуу Ата Мекендик со­гушта курман болгондорго эстелик тургузулган.