КАМЫР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМЫР – нан, кесме, кондитер азыктарын ж. б. даярдоо үчүн ундан жуурулуп жасалган чийки азык. К. даярдоо ыкмасына жараша а ч ы г а н К., к а б а т т а л г а н К., б и с к в и т К-ы, ү б ө л ө н м ө К., к у р г а к К., к ө п ш ө к К. ж. б. болуп айырмаланат. Ачыган К-дан түрдүү нан азыктары (бөлкө, булочка, пирог, кекс ж. б.) жасалат. Адегенде жуурулчу К-дын унун элеп, андан кийин ага суу, туз, камыр туруш (к. Ачыткы), кээде сүт, айран, жумуртка, кант, май ж. б. кошуп жууруп, ийлеп, ачытат. Кесме, кат­тама, калама ж. б. тамак-аш жасалуучу К. ачы­тылбайт. К. наабайканада (нан, булочка ж. б.), макарон ж-а кондитер ө. ж-нда ар түрдүү азык­тарды (кесме, пряник, печенье, торт ж. б.) жа­соодо кеңири колдонулат. К-дын курамында белок, углевод, май, туз ж-а түрдүү абалдагы башка заттар көп болот. К-га ачыткы м-н туз­дан башка май, кант, жумуртка, жыттуу заттар­ды кошсо, алар нандын даамын, жытын ж-а аш болумдуулугун жакшыртат.