КАМЫР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМЫР – нан, кесме, кондитер азыктарын жана башкаларды даярдоо үчүн ундан жуурулуп жасалган чийки азык. Камыр даярдоо ыкмасына жараша а ч ы г а н камыр, к а б а т т а л г а н камыр, б и с к в и т камыры, ү б ө л ө н м ө камыр, к у р г а к камыр, к ө п ш ө к камыр жана башкалар болуп айырмаланат. Ачыган камырдан түрдүү нан азыктары (бөлкө, булочка, пирог, кекс жана башкалар) жасалат. Адегенде жуурулчу камырдын унун элеп, андан кийин ага суу, туз, камыр туруш (к. Ачыткы), кээде сүт, айран, жумуртка, кант, май жана башкаларды кошуп жууруп, ийлеп, ачытат. Кесме, кат­тама, калама жана башка тамак-аш жасалуучу камыр ачы­тылбайт. Камыр наабайканада (нан, булочка жана башкалар), макарон жана кондитер өнөр жайында ар түрдүү азык­тарды (кесме, пряник, печенье, торт жана башкалар) жа­соодо кеңири колдонулат. Камырдын курамында белок, углевод, май, туз жана түрдүү абалдагы башка заттар көп болот. Камырга ачыткы менен туз­дан башка май, кант, жумуртка, жыттуу заттар­ды кошсо, алар нандын даамын, жытын жана аш болумдуулугун жакшыртат.