КАМСЫЗДАНДЫРУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМСЫЗДАНДЫРУУ – экон. мамилелердин бир түрү. К. – каражаттарынан жаратылыш ж-а башка кырсыктардын кесепетинен келип чык­кан зыяндын ордун толтуруучу ж-а акча сум­масын төлөп берүүчү акча – К. фондун түзүү б-ча иш-чаралар системасы. К-да эки тарап бо­лууга тийиш. Анын бири акча фондун түзүүчү ж-а пайдалануучу атайын уюм– экинчи тарап – юридикалык жак же жеке адам ж-а ошол фондго белгиленген төлөмдөрдү төлөөчү камсызданды­руучу. Камсыздандыруучу уюм м-н камсыздан­дыруучунун ортосундагы мамиле келишимдин негизинде түзүлөт. К-нун ыктыярдуу ж-а мил­деттүү деген эки түрү болот. Биринчи түрү кам­сыздандыруучунун өз демилгеси м-н– экинчиси – өлкөнүн колдонуудагы мыйзамдарынын неги­зинде ишке ашырылат. Мүлктү– коммерциялык тобокелчиликти– адамдардын өмүрүн К. деп бөлүнөт. Коммерциялык К. компаниялары (уюм­дар) камсыздандыруу операцияларынан пайда табууну көздөшөт.