КАМСЫЗДАНДЫРУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМСЫЗДАНДЫРУУ – экономикалык мамилелердин бир түрү. Камсыздандыруу – каражаттарынан жаратылыш ж-а башка кырсыктардын кесепетинен келип чык­кан зыяндын ордун толтуруучу ж-а акча сум­масын төлөп берүүчү акча -- камсыздандыруу фондун түзүү боюнча иш-чаралар системасы. Камсыздандырууда эки тарап бо­лууга тийиш. Анын бири акча фондун түзүүчү ж-а пайдалануучу атайын уюм, экинчи тарап – юридикалык жак же жеке адам ж-а ошол фондго белгиленген төлөмдөрдү төлөөчү камсызданды­руучу. Камсыздандыруучу уюм м-н камсыздан­дыруучунун ортосундагы мамиле келишимдин негизинде түзүлөт. Камсыздандыруунун ыктыярдуу ж-а мил­деттүү деген эки түрү болот. Биринчи түрү кам­сыздандыруучунун өз демилгеси м-н, экинчиси өлкөнүн колдонуудагы мыйзамдарынын неги­зинде ишке ашырылат. Мүлктү, коммерциялык тобокелчиликти, адамдардын өмүрүн камсыздандыруу деп бөлүнөт. Коммерциялык камсыздандыруу компаниялары (уюм­дар) камсыздандыруу операцияларынан пайда табууну көздөшөт.