КАМПИНАС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:04, 24 Август (Баш оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМПИ́НАС – Бразилиянын түш.-чыгышында­гы шаар. Деңиз деңг. 685 м бийикте, тайпак тоонун дөбө-дөңсөлүү батыш капталында жай­гашкан. Калкы 1,1 млн (2008); калкынын саны б-ча өлкөдөгү 3-шаар (Сан-Паулу, Гуарульюса­тан кийин). Эл аралык аэропорту бар. Регион­дук жолдор тоому. 1744-ж. негизделген. 1842- жылдан азыркыдай аталып, шаар статусуна ээ. Кафедралуу Кудай эне собору (1807–83), т. ж. вокзалынын эски имараты (1868–1920) сактал­ган. Көп тармактуу ири ө. ж. борбору (дүйнөдөгү

Шаардын борбордук бөлүгү.

эң ири 500 корпорациянын 70ке жакын филиа­лы ушул шаарда жайгашкан; анда 100 миңге жакын адам эмгектенет). Машина куруу (IBM, «Motorola», «Freescale», «Samsung», «Bosch», «General Motors», «Daimler», «Honda» ж. б. кор­порациялар), металл иштетүү, хим., текстиль ө. ж. ишканалары иштейт. Ин-ттар (Агрономия, Тамактануу технологиясы), «Эльдорадо» ИИИ, 2 ун-т, обсерватория, музейлер, театрлар бар.