КАМПИНАС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМПИ́НАС – Бразилиянын түштүк-чыгышында­гы шаар. Деңиз деңгээлинен 685 м бийикте, тайпак тоонун дөбө-дөңсөлүү батыш капталында жай­гашкан. Калкы 1,2 млн (2022); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 3-шаар (Сан-Паулу, Гуарульюса­тан кийин). Эл аралык аэропорту бар. Регион­дук жолдор тоому. 1744-жылы негизделген. 1842- жылдан азыркыдай аталып, шаар статусуна ээ. Кафедралуу Кудай эне собору (1807–83), темир жол вокзалынын эски имараты (1868–1920) сактал­ган. Көп тармактуу ири өнөр жай борбору (дүйнөдөгү

Шаардын борбордук бөлүгү.

эң ири 500 корпорациянын 70ке жакын филиа­лы ушул шаарда жайгашкан; анда 100 миңге жакын адам эмгектенет). Машина куруу (IBM, «Motorola», «Freescale», «Samsung», «Bosch», «General Motors», «Daimler», «Honda» ж. б. кор­порациялар), металл иштетүү, химия, текстиль өнөр жай ишканалары иштейт. Институттар (агрономия, тамактануу технологиясы), «Эльдорадо» ИИИ, 2 университет, обсерватория, музейлер, театрлар бар.